Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү азайды

Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү азайды.

 

Улуттук банктын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын июнь айында мигранттар өлкөгө 163,5 миллион доллар которду.

 

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, дээрлик 48,5 пайызга аз. Анда Кыргызстанга 317 миллион доллардан ашык которулган болчу. Жөнөтүлгөн сумманын 91 пайызы Россияга туура келет, андан кийин АКШ жана КМШ өлкөлөрү турат.