Эл аралык олимпиада комитети алдыңкы спортчуларга жайкы 2024-Олимпиада оюндарына даярдануу үчүн ай сайын 1,5 миң доллардан берет

Эл аралык олимпиада комитети алдыңкы спортчуларга жайкы 2024-Олимпиада

оюндарына даярдануу үчүн ай сайын 1,5 миң доллардан берет. Бул тууралуу

Улуттук олимпиада комитетинин өкүлү Канат Аманкулов билдирди. Анын айтымында,

стипендияга жыйынтык көрсөтө турчу спортчулар илине алат. Учурда бул акчаны

кыргызстандан 12 спортчу алса болот. Эл аралык комитет буга чейин атлеттерге жайкы

Олимпиадага ай сайын 500 доллардан, кышкы Олимпиадага камынуу үчүн

1,5 миң доллардан берип келген. Быйыл эки стипендия теңдештирилди.