Бишкекте дезинфекциялоо иштери күн сайын жүргүзүлүүдө

Бишкекте дезинфекциялоо иштери күн сайын жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, мэрия менен биргеликте санитардык тазалоого тийиш тилкелер аныкталып жатат.

 

Эл көп чогулган жерлерге өзгөчө басым жасалууда. Аларга базарлар, банктар, аптекалар, дүкөндөр кирет.

 

Дезинфекция иштери эки ыкма менен жасалат – жөө жана өрт өчүрүү кызматынын унааларын тартуу менен.