Кыргызстанга Pfizer вакцинасын аралаштыруучу суюктук жеткирилди.
Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте аталган препарат менен эмдөө эртең башталат.
Ал эми аймактарга вакцина шаршембиде жеткирилет. Эске салсак, 8-августта өлкөгө Pfizer вакцинасынын 100 миңден ашык дозасы келген. Бирок партияда аны аралаштыруучу суюктук болгон эмес.