Бишкектин айрым жерлеринде жаратылыш газы өчүрүлөт

«Бишкекгаз» шаардык газ кызматы 28-апрелден 29-апрелге чейин Бишкек шаарынын Айни — Островский дареги боюнча жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштери жүргүзүлөөрүн маалымдайт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, ушуга байланыштуу, төмөнкү көчөлөрдүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт: Гагарин, Манас, Курчатов, Ахунбаев.

«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.