Павел Хрипунов президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси Павел Хрипунов ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Хрипуновдун кызматтан эмне себептен алынгандыгы такталган жок.