Кытайда күйөө баланын атасы 140 миң долларлык нике шакегин канализацияга түшүрүп алды

Кытайда күйөө баланын атасы 140 миң долларлык нике шакегин канализацияга түшүрүп алды. Эркек шакекти жакшылап карап көрүүнү чечип, терезеден чыгып алган.

 

Бир учурда зер буюм анын колунан түшүп кетип, канализацияга кирип кеткен. Шакекти табыш үчүн ал атайын команда жалдаган. Издөө иштери 4 күндү талап кылды. Кымбат шакектин табылышын эркек жана анын туугандары фейерверк менен майрамдашкан.