Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 164 спортчу катышат

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 164 спортчу катышат. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, алардын катарында Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков өңдүү белгилүү спортчулар бар.

 

Оюндар 23-сентябрдан 8-октябрга чейин уланат. Ага 40тан ашуун өлкөдөн келген спортчулар катышат.

 

Кыргызстандыктар спорттун 23 түрү боюнча күч сынашат.