Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы Ак-Ордо көчөсүндө жеке турак жайларды шаардык канализация тармагына кошуу үчүн канализация курулат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ал үчүн 4 млн 520 миң сом сарптоо пландалууда.
Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.