Кытайлык окуучу дүйнөдөгү эң бийик чокуну багындырды

Кытайлык окуучу дүйнөдөгү эң бийик чокуну багындырды.

 

16 жаштагы Сю Чжоюань Эверестке чыккан Кытайдагы эң жаш альпинист болуп калды. Бул мектеп окуучусунун биринчи жетишкендиги эмес. Ал өткөн жылы бийиктиги 7,5 миң метрден ашкан Музтаг-Ата чокусуна чыккан.

 

Белгилеп кетсек, Эверестти багынткан эң жаш адамдын рекорду америкалык альпинистке таандык. Калифорниялык Джордан Ромеро 13 жашында дүйнөнүн бийик жерине көтөрүлгөн.