Кыргызстанда 8-9-июнь күндөрү нормадан тышкары ысык болот

Кыргызстанда 8-9-июнь күндөрү күтүлүп жаткан нормадан тышкары ысыкка байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга алыскы сапарга чыкпай турууну сунуштайт.

 

Ысыкта айдоочулар бат чарчап, ою чачырап, реакциясы бир кыйла начарлайт. Ведомство мунун баары кырсыктын ыктымалдуулугун жогорулатат, деп эскертет.

 

Буга чейин маалымдалгандай, алдыдагы бейшемби жана жума күндөрү өлкөнүн түштүк жана борбордук аймактарында 39…40 гарудска чейин ысык болушу күтүлөт.