Ысык-Көлдө тигүү цехи ачылды

Ысык-Көлдө тигүү цехи ачылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдиргендей, Ананьево айылындагы ишкана 200 орунга ылайыкташкан.

 

Жеке ишкердин демилгесине облусту өнүктүрүү фонду 20 миллион сом бөлүп берген. Бул жерде тигилген аялдар жана эркектердин сырткы кийимдери Россияга экспорттоого багытталган.