Леонардо Ди Каприо “Титаник” тасмасында кийген костюм ноябрда аукционго чыгарылат

Леонардо Ди Каприо “Титаник” тасмасында кийген костюм ноябрда аукционго чыгарылат. Ал 115 миң доллардан 230 миң долларга чейин бааланууда. Кийим топтомуна өңү өчкөон вельвет шым, комбинезон, көйнөк жана чермей кирет.

 

Аукцион Лондондо өтөт. Ошондой эле анда “Крестный отец”, “Джеймс Бонд”, “Форрест Гамп” жана “Кариб деңизинин каракчылары” тасмаларынын каармандарынын костюмдары сатыкка коюлат.