Министрлер кабинети азык-түлүк интервенциясын жүргүздү.
Бул тууралуу Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, өткөң жумада Казакстанда товар ташууга тоскоолдуктар жаралгандыктан, өлкөдө ундун баасы кымбаттап, 2-3 күн кармалды.
Бирок бийлик азык-түлүк интервенциясын жүргүзүп, бааны жөнгө салды. Өсүмдүк майы, кумшекер жана ун сыяктуу импорттолгон товарлардын запасы өлкө кампаларында жетиштүү. Баалардын өсүшү күтүлбөйт, — деп ишендирди Акылбек Жапаров.