Чемпиондор лигасынын 6-турунда «Бавария» «Тоттенхэмди» 3:1 эсебинде утуп алды

Чемпиондор лигасынын 6-турунда «Бавария» «Тоттенхэмди» 3:1 эсебинде утуп алды.

Эки команданын оюну Мюнхендеги «Альянц Арена» стадионунда өттү.

«Бавариянын» эсебиндеги голдорду Кингсли Коман, Томас Мюллер жана

Филиппе Коутиньо киргизди. Ал эми «Тоттенхэмден» жалгыз голду жарым коргоочусу

Райан Сессеньон киргизди. В тайпасында ойногон бул эки клуб – «Бавария» 18 упай,

«Тоттенхэм» 10 упай менен – Чемпиондор лигасынын жарым чейрек финалына өтүштү.