Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүүчү медицина кызматкерлерин даярдоо курстары үзгүлтүксүз уланууда

.

Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирет. Анын айтымында, күз айларында кайталанышы

мүмкүн делген коронавирустун экинчи толкунуна даярдык көрүлүүдө. Анын алкагында башка адистиктеги

дарыгерлер коронавирусту жана пневмонияны дарылоону үйрөнүшөт. Учурда өзгөчө инфекционист,

кардиолог, терапевт, лаборант жана эпидемиологдор талап кылынууда.

Буга чейин 18 миңден ашык адис квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүштү.