Кыргыз-казак чек арасында унаалардын тыгыны жок

Кыргыз-казак чек арасында унаалардын тыгыны жок. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, тилкедеги бардык өткөрүү түйүндөрү штаттык режимде иштеп жатат.

 

Адамдардын жана унаалардын топтолуусу жок. Эске салсак, өткөн жумада кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардан турган көп чакырымдык тыгындар катталган.

 

Бул казак тараптын кылдат текшерүүсүнө байланыштуу болду.