Кыргызстанга электромобиль импорттоо боюнча тарифтик жеңилдиктер 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Экономика жана соода министрлигинен билдиришкендей, чечим Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.
Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу жеңилдиги ЕАЭБге кирген төрт өлкөдө — Кыргызстан, Армения, Беларус жана Казакстанда туруктуу жашагандарга берилет.
Белгилеп кетсек, Кыргызстанга 2024-жылы 10 миң, 2025-жылы 10 миң электромобиль алып кирүүгө уруксат бар.