Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылына ачык

Өлкөнүн башкы магистралдары унаа кыймылына ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош трассасынын  209-225-чакырымдары кардан тазаланып, инерттүү материал себилүүдө. Өтмөк, Чоң-Ашуу, Чапчыма, Долон ашуулардын атайын техника жана жолчулар тынбай иштеп жатат.

 

Кооптуу тилкелерде нөөмөт уюштурулган, унаа кыймылында чектөөлөр жок.

 

Тоолуу аймактарга сапарга чыга турган айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.