Мухаммад жана Салиха – Кыргызстандагы эң популярдуу ысымдар.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылы ата-энелер тарабынан ымыркайларга эң көп коюлган аттардын тизмесин жарыялады.
Ага ылайык, Мухаммад ысымы 6 мин 176 балага коюлду, андан кийинки орунда Умар – 4 миң 847, Али аты 2 миңден ашык балага коюлган. Ал эми кыздардын ысымдары арасында Салиха, Амина жана Фатима популярдуу болду.