Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Кыргызгидрометтен билдиришкендей, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу
Бишкек — Ош, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка жана Каракол — Эңилчек унаа жолдоруна
кар массасы түшүшү күтүлөт. Айдоочуларга этият болуу сунушталат.
Унаалар ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.