Маданият министри эки музыкалык окуу жайдын директорун иштен алды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов эки музыкалык окуу жайдын директорун жумуштан бошотту. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Министрдин буйругуна ылайык, Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору Тентимиш Мураталиев кызматтан кетти.
Ага удау эле Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын-орто музыкалык мектеп-интернаттын директору Исирадин Аманбаев ээлеген кызматынан бошотулган.
Жаңы директорлор конкурстук негизде ачык-айкын тандалып алынары белгиленди.