Кыргызстан бүгүн аза күтүүдө

Россияда кыргыз жарандарынын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу өлкө бүгүн аза күтүүдө.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, бул күнү Кыргызстанда, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында мамлекеттик туулар ылдый түшүрүлөт.

Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.

Россиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгы катталып 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мүрт кетип, дагы үчөө жараат алган.

Маркумдардын сөөгү Кыргызстанга бүгүн кечке жуук алынып келет.