Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткарат

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп Гүлнара Баатырова дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Анын бул кызматка талапкерлиги Жогорку Кеңеште жайкы тыныгуудан кийин каралат.

Эске салсак, июнь айында убактылуу кызматтан четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта иштен алынган.

Анын ордуна Жаркынбек Касымбеков министрдин милдетин аткарып жаткан.