Малайзияда жаштар 10 миң конок менен өзгөчө той өткөрүштү

Малайзияда жаштар 10 миң конок менен өзгөчө той өткөрүштү. Социалдык аралыкты сактоо талабы дагы бузулган жок. Жуп өкмөт үйүнүн алдында отурду, ал эми коноктор өз унаалары менен алардын жанынан жай өтүп жатты.

 

Машинелердин терезелерин ачууга уруксат берилген жок. Бирок ар бир конокко тамак-аш топтому берилип, алар той тыгынында туруп аларын жеп алышты.

 

Белгилеп кетсек, мындай чоң той капысынан эле берилген жок, анткени, үйлөнүп жаткан жигит жергиликтүү саясатчынын уулу.