Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.

 

Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жаан-чачынга байланыштуу Ала-Бука-Жаңы-Базар – Кировка, Красная Горка – Ак-Таш, Мырзаке-Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолдорунда, Камакысмак капчыгайында жана Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында муз тоңуп, кар массалары түшүшү мүмкүн.

 

Айдоочуларга унаалар ортосундагы коопсуз аралыкты сактап, этият болуу сунушталат.