Россиянын Коргоо министрлиги Кыргызстанга 5 миллион сомго жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды

Россиянын Коргоо министрлиги Кыргызстанга 5 миллион сомго жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу Генералдык штабдын басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Биздин аскерлерге радиациядан коргонуучу костюмдар, химиялык жана биологиялык коргонуучу заттар берилди. Алар ошондой эле, өзгөчө абал режиминде иштеп жаткан аскер кызматкерлерине дагы тапшырылат.