Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык чет элдик паспорттордун баасын атады

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык чет элдик паспорттордун баасын атады. Жаңы үлгүдөгү документтердин эки түрү бар, алар бири биринен барактардын саны менен айырмаланат. Алсак, 34 барактан турган паспорттун баасы 857 сомду түзөт.

 

Ал эми 50 барактуу документти алуу 920 сомго айланат. Андан тышкары, банк комиссиясы дагы бар. Белгилеп кетсек, биометрикалык чет элдик паспортторду алууга документтерди толтуруу бүгүн башталды.