Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта жабыркагандарды дарылоо үчүн Бишкектеги медициналык мекемелерде дары-дармектер жетиштүү.
Травмотолгия жана ортопедия илимий борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна
каражаттар 16 медициналык мекемеден чогултуп берилди, — дешти саламаттыкты сактоо министрлигинен.
Учурда 99 адам ооруканада калыбына келтирилип жатат. Аскердик кагылышта жабыркагандар акысыз дарыланат.
Чыгымдар республикалык бюджеттин эсебинен жабылат. Акыркы маалыматтарга караганда,
кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатактан 183 адам жабыр тартып, 36сы каза тапты.