Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги футбол стадионунун курулушуна даярдык көрүп баштады

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги футбол стадионунун курулушуна даярдык көрүп баштады. Учурда жер алдындагы жана тосмо конструкциялар орнотулуп жатат.

 

Эске салсак, заманбап стадион Чүй облусундагы Орок айыл аймагында орун алат. Ал 22 миңге чейин көрүүчүнү батыра алат деп күтүлүүдө.