Кыргызстан мектептеринде 440 миң окуучу ысык тамак менен камсыздалат.
Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республика аймагында 1 миң 660 мектепте ашкана уюштурулуп, окуучуларга ысык тамак берилип келет. Кошумчалап кетсек, башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыздоого жыл сайын бюджеттен 590 миллион сом бөлүнөт.