Кыргыз-пакистан комиссиясы жогорку окуу жайлардын лицензияларын текшере

Кыргыз-пакистан комиссиясы жогорку окуу жайлардын лицензияларын текшерет. Билим берүү министрлигинин өкүлү Чынара Мааткеримова билдиргендей, медициналык багытта билим берген окуу жайлардын студенттерди даярдоо деңгээли жана студенттерди кабыл алуу критерийлери дагы текшерилет.

 

Эске салсак, 29-октябрда Пакистандын медициналык комиссиясы Кыргызстандын жогорку окуу жайларын “кара тизмеге” киргизгенин жарыялады.

 

Буга бизде окуп кеткен пакистандык студенттердин дээрлик 90 пайызы өз жеринде экзамен тапшыра албай калганы жана дипломдор таанылбай жатканы себеп болду. Кыргызстанда 19 ЖОЖ медицина адистерин даярдайт. Аларда 7 миңге жакын пакистандык студент билим алып келет.