Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 13,8 пайызга жетти

Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 13,8 пайызга жетти.

 

Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди. Инфляциялык процесстердин күч алышы бизде гана эмес, дүйнө жүзүндө катталууда.

 

Алсак, коңшу Казакстанда инфляция 14,5 пайыз, АКШда 40 жылдан бери алгачкы ирет 9 пайызга жетти. Нурбек Жеңиш белгилегендей, инфляциянын өсүшүнүн негизги себеби – азык-түлүк, газ, мунай жана күйүүчү-майга дүйнөлүк баалардын кескин кымбаттаганында.