Ош облусунда аз камсыздалган үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилет

Ош облусунда аз камсыздалган үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилет.

 

Президенттин аймактагы өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев билдиргендей, “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында атайын түзүлгөн комиссия чакан бизнес-долбоорун түзүп келгендердин арасынан 50 үй-бүлөнү тандап алат. Андан кийин аларга ишкерликти өнүктүрүүгө 100 миң сомдон тапшырылат.

 

Эске салсак, долбоор сыноо иретинде алгач Жумгал жана Кадамжай райондорунда ишке ашырылып, жакшы жыйынтыктарды көрсөттү. Андан кийин программаны өлкөнүн бардык аймактарында киргизүү чечими кабыл алынды.