Улуттук энергохолдинг Бишкекте электр энергиясынын өчүү себебин түшүндүрдү

Улуттук энергохолдинг ишканасы Бишкектин айрым райондорунда электр энергиясынын өчүү себебин түшүндүрдү.

Мекемеден билдиришкендей, абанын температурасы кескин төмөндөгөндөн улам жарыкты керектөө өскөн.

Автоматтык өчүрүүлөр электр жабдууларга күч келтирбеш үчүн авариялардын алдын алуу максатында болгон.

Энергетиктер калкты электр энергиясын этияттык менен колдонууга, үйдү жылытуунун альтернативдүү түрлөрүнө өтүүгө чакырууда.

Белгилеп кетсек, Бишкек шаарынын айрым тургундары 9-10-ноябрда жарык бир нече саатка өчкөнүн билдиришкен.