Дамир Монолдоров Өзгөнгө мэр болду

Өзгөн шаарынын мэри болуп Дамир Монолдоров дайындалды.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, жаңы калаа башчы ротация жолу менен Ысык-Көл облусунан келди.

Ал буга чейин «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими жана Балыкчы шаарынын мэри болгон.

Ошондой эле мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалаган.

Аталган шаардын мурдагы мэри Нодирбек Каримов апрелдин аягында ээлеген кызматынан бошотулган.

Ага карата кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренси боюнча кылмыш иши козголгон.