«Массалык маалымат каражаттары» жөнүндө талаштуу мыйзам кайра иштелет

Кыргыз бийлиги «Массалык маалымат каражаттары» жөнүндө талаштуу мыйзам долбоорунун айрым беренелерин кайрадан карап чыгууга макул болду.

“Азаттыктын” маалыматына ылайык, президенттик администрация мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүп, андан соң документ экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүлмөй болду.

ЖМК жөнүндө жаңы мыйзам долбооруна ылайык, юристтер президенттик администрация медиа каражаттарын каттоо боюнча бир катар чектөөлөрдү коюп, жарандардын эркин маалымат алуу укугун чектегенин билдирген.

Мындан тышкары журналисттик иликтөөдө колдонулчу айрым ыкмаларга тыюу салынып, медианын ишин мажбурлап токтотуу бир кыйла жеңилдетилгени айтылган.