Ушул күндөрү унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар жаайт.
Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайы жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Мындан улам, айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы керек.