Эртең Бишкектин бир бөлүгүнө суу берүү токтотулат

Эртең, 17-ноябрда Бишкектин бир бөлүгүнө суу берүү токтотулат.

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин Бишкектин Абакан көчөсү, Дэн Сяопин, Кустанай, Профсоюз, Волкова, Садыгалиев, Безымянный көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймактарда суу убактылуу болбойт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, «Киркомстром» суу алгычындагы жана шаар түтүктөрдөгү оңдоо иштерине байланыштуутурак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.

Мындан улам, ичүүчү сууну алдын ала камдап алуу сунушталат.