Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды, — деп билдирет

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө

24-октябрда саат 21:57де Ысык-Көл облусунун аймагында катталып,

очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз, Ырдык, Подгорное

айылдарында 3 балл, Каракол шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.