Медицина кызматкерлеринин кошумча айлыгы көбөйтүлөт

Медицина кызматкерлеринин кошумча айлыгы көбөйтүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады. Анын айтымында, июндан тарта кошумча акы эл чогулткан акчадан эмес, республикалык бюджеттен бөлүнүп берилмей болду.

 

Бул максатта 109,6 миллион сом бөлүндү, — деди өкмөт башчы. Эске салсак, коронавирус менен күрөшүү очогунда иштеген медицина кызматкерлерине кошумча акы марттан тарта берилип баштады.