Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын жакшыртуу боюнча лты документке кол коюлду

Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарында кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын жакшыртуу боюнча алты документке кол коюлду. Президент администрациясынан билдиришкендей, Кыргызстандан Кытайга сояны экспорттоо боюнча протокол кабыл алынды.

 

Эки өлкө маданият, маалымат жана спорт тармагында кызматташуу тууралуу программа, инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө меморандум кабыл алды. Эки өлкөнүн лидерлери “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу, “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттарынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү тууралуу макулдашты.