Кытайлык фонддун гуманитардык жардамы эки шаар, үч районго берилди


Кытайлык миллиардер Жек Манын кайрымдуулук фондунун Кыргызстанга берген гуманитардык жардамы Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Ала-Бука жана Ноокат райондоруна жиберилди.

 

Медициналык каражаттардын калганы — беткаптар, коргоо кийимдери, термометрлер гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча Саламакттык сактоо министрлигинде түзүлгөн комиссия аркылуу бөлүштүрөт. Алар кайсы жерде керек болсо ошол жерге берилет», — деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

20 миллион сомго бааланган медициналык каражаттар, анын ичинде бир жолу колдонуучу беткаптар, коргоочу кийим жана термометрлер Кыргызстанга 10-апрелде келген. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги жүктү жеткирүүгө кеткен чыгымды да «Алибаба» компаниясы өзү көтөргөнүн билдирди.

Жек Манын кайрымдуулук фонду мындай жардамды Борбор Азиядагы жети мамлекетке берди.