Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы 27-28-февралда Бишкекте өтөт. Анда жергиликтүү олимпиадалардан утуп келген 156 окуучу 10 предмет боюнча күч сынашат. Мэриянын маалыматына ылайык, олимпиада Раззаков атындагы техникалык, Кыргыз-орус славян университеттеринде жана №31 мектеп-гимназияда болот.
Белгилеп кетсек, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жогорку окуу жайларына кирүүдө жеңилдиктер берилет.