Россиялык мугалимдер кайрадан Кыргызстандын мектептеринде иштесе болот

Россиялык мугалимдер кайрадан Кыргызстандын мектептеринде иштесе болот.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей,

былтыр Россиядан 30 педагог келген. Алар учурда өлкөнүн түштүк жергесиндеги

мектептерде эмгектенишүүдө. Бирок, буга карабай Кыргызстанда мурдагыдай эле

мугалимдердин жетишсиздиги байкалууда. Бул ирет аларды өлкөнүн

түндүгүндөгү билим берүү мекемелерине тартуу пландалууда.