Улуу муундагы жарандарга зарылчылык жок болсо, сыртка чыгуудан баш тартуу сунушталды

Улуу муундагы жарандарга зарылчылык жок болсо, сыртка чыгуудан баш тартуу сунушталды.

 

Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева жарыялады. Анын айтымында, ордо калаада күн сайын коронавируска кабылгандардын саны көбөйүүдө, өзгөчө 55 жаштан улуу адамдар үчүн коомдук жайларга чыгуу кооптуу болуп эсептелет.

 

Санитардык нормаларды, коопсуз аралыкты сактап, беткапты чечпей жүрүү керек. Ал эми оорунун белгилери пайда болсо, үйдөн дарыланбай, дароо ооруканага кайрылуу зарыл, — деди вице-мэр.