Мелания Трамп 70 жылдык салтты бузду

Мелания Трамп 70 жылдык салтты бузду. Дональд Трамптын аялы жаңы шайланган президент Джо Байдендин жубайы Джилл Байденди Ак үйгө конокко чакырып, ага экскурсия өткөрүүдөн баш тартты.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Дональд Трамп твиттердеги баракчасында Джо Байдендин инаугурациясына катышпай турганын жарыялаган. Муну менен ал дагы салтты бузуп, 19-кылымдан бери инаугурация салтанатына катышпай койгон алгачкы президент болуп калат.