Жол инспекторлоруна пара сунуштаган айдоочулар дагы жоопкерчиликке тартылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кызматтык жакка пара берүү үчүн 30 миңден 50 миңге чейин айып салынат же 2 жылга эркинен ажыратуу каралат.
Ведомстводон такташкандай, учурда кадрдык тазалоо жүрүүдө.
Ордун кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлер аныкталса, дароо иштен алынат.