Ош – Андижан маршруттук каттамы жанданды

Ош – Андижан маршруттук каттамы жанданды. Бул тууралуу “Азаттык” билдирди. Маалыматка ылайык, 1-июндан тарта Өзбекстандын түштүк калаа менен транспорттук байланышы кайрадан жолго салынды.

 

Каттамга 12 заманбап автобус коюлду. Жүргүнчүлөр ПЦР-тесттин оң жыйнтыгы менен маалымкат көрсөтүшү керек болот.

 

Эске салсак, Ош – Андижан шаарларынын ортосундагы каттам өткөн жылы пандемия учурунда токтотулган болчу.