Кыргызстандык Айсулуу Аширалиева Сеул шаардык кеңешине депутат болду

Кыргызстанда туулган Айсулуу Аширалиева Сеул шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 1-июнда Түштүк Кореяда жергиликтүү органдарынын, облустук жана шаардык депутаттарынын шайлоосу өттү.

“Көп адамды жеңип, чет өлкөдө, биздин кыргыз кызыбыз Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык кызматына шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Айсулуу айым дайыма элчиликке көмөктөшүп, биз жүргүзгөн иш-чараларга өз салымын кошуп келет, мыкты патриот мекендештерибиздин бири”, — деп жазган элчи.